Террор уюму ДЕАШ АКШнын жашыруун армиясы болушу мүмкүнбү?

Бул тууралуу маалыматты ирандык диний лидердин аскердик башкы кеңешчиси Рахим Сафеви айтып чыкты.

605532
Террор уюму ДЕАШ АКШнын жашыруун армиясы болушу мүмкүнбү?

Ирандык диний лидердин аскердик башкы кеңешчиси Рахим Сафеви, террор уюму ДЕАШтын АКШнын жашыруун армиясы экенин айтып чыкты.

Рехим Сефеви, АКШнын бул уюмду башкара албоосу ишендирүүчү болбогонун белгилеп: «Булардын бардыгы ДЕАШ АКШнын жашыруун армиясы экенин далилдөөдө»,-деди.

Рехим Сефеви президенттикке талапкерлерден Хиллари Клинтондун ДЕАШ сыяктуу Ал-Каиданын да өздөрү тарабынан курулганын моюнга алганын айтып: «АКШнын жашыруун армиясы ДЕАШка жардам бергени жөнүндө көп сандаган маалымат бар. Вашингтон бийлиги Сирия жана Иракта чыгара турган согушка ислам өлкөлөрүн түртүп барып, Израилдин коопсуздугун камсыздаганга аракет кылууда. Иран, Ирак менен «мажбурланган» согушунда (1980-1988) 200 миңден ашуун кишиси шейит болду. Сирия калкы да 2011-жылы болгон жарандык согушта 300 миңден ашуун кишиси шейит болду, Ирак, Сирия жана Йемен калкынан 9 миллион киши качкын абалга түштү жана Жер Ортолук деңиз баш калкалоочулардын мүрзөсүнө айланды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар