Ракканын куткарылышында Түркиянын ролу

Ракканын куткарылышы үчүн жакында операция башталат

602703
Ракканын куткарылышында Түркиянын ролу

АКШнын коргоо министри Эштон Картер Сириянын Ракка шаарынын террордук уюм ДЕАШтан куткарылышы үчүн жүргүзүлө турган операцияда Түркиянын ролуна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын сөз кылды.

Эштон Картер, террордук уюм ДЕАШтын Сириядагы чеби Ракканын кайра кайтарылып алынышы үчүн жүргүзүлө турган операциянын жакында баштала турганын эске салды.

«Ниетибиз, бул ишти аткара алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон күчтөр менен чогуу жакынкы убакта ал жерге баруу жана Ракканы курчоо»,- деген АКШлык министр: «Түркия менен да бул темада жана алдыдагы процессте аткара ала турчу ролу тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар