Канада 300 миң жаңы баш калкалоочуну кабыл алат

Кандай шарт жана максаттар менен кабыл алынат?

601201
Канада 300 миң жаңы баш калкалоочуну кабыл алат

Канада 2017-жылы 300 миң жаңы баш калкалоочуну кабыл алаарын билдирди.

Канаданын жарандык жана иммиграция министри Жон МакКаллум Оттавада өткөргөн маалымат жыйынында, дагы деле 300 миң болгон жылдык баш калкалоочу квотасынын 2017-жылы да корголоорун билдирди.

Министр МакКаллум экономикада өскөн жумуш күчү тартыштыгын толуктоо жана картайып бараткан калкты жашартуунун негизги максаттары экенин баяндады.

Министр Жон МакКаллумдун билдирүүсүнө караганда, баш калкалоочу квотасында жогорку билимдүү, тажрыйбалуу жана соодага багытталган баш калкалоочулар басымдуулук кылат. 300 миң кишилик квотанын экинчи чоң тилимин болсо үй-бүлөнү бириктирүүнүн алкагында Канадага бара турчу баш калкалоочулар түзөт.

Бир тараптан Канаданын Жарандык жана иммиграция министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Румыния менен Болгария жарандарына визалар 2017-жылдын 1-декабрынан тарта жоюлаары маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар