Евразияга сереп салуу-44

БРИКС саммити

601389
Евразияга сереп салуу-44

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Индияда өткөрүлгөн БРИКС саммити жөнүндө сөз кылабыз.

15-16-октябрда Индиянын түштүк-батышында, Инди океанынын жээгиндеги тарыхый соода шаары Гоада 8-БРИКС саммити өткөрүлдү. Индиянын жетекчилигинде өткөрүлгөн саммитке Бразилия, Орусия, Кытай жана Түштүк Африканын лидерлери катышты.

Саммитте жакынкы келечек үчүн кызматташуу пландары менен катар экономика жана коопсуздукка байланыштуу көп сандаган тема каралды. БРИКС саммитинен чыккан эң маанилүү жыйынтыктын, уюмдун карамагында жаңы насыя рейтингине баа берүүчү мекеменин түзүлө турган болушу десек жаңылышпайбыз. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди буга байланыштуу БРИКС өлкөлөрүнүн өз араларында насыя рейтингине баа берүүчү мекеме түзүлүүсү боюнча макулдашкандарын билдирди. Лидерлер айрыкча европалыктардын İMFтин башкаруу кеңешиндеги эки орундукту өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бөлүшү керектигин талап кылышты.

Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Нарендра Моди, БРИКС өлкөлөрүнүн айыл чарбага карата биргелешкен изилдөө борбору жана темир жол түйүнүнүн түзүлүүсү темасында да макулдашкандарын билдирди.

БРИКС Израиль-Палестина келишпестиги темасында да, БУУнун токтомун шилтеме көрсөтүп эки мамлекеттүү чечүүчү жол жана чыгыш Иерусалимдин палестиналыктардын борбор шаары катары таанылышын баса белгиледи.

БРИКС саммитинде фотосүрөткө түшүү убагында лидерлерге ар түрдүү түстөгү жилеттер кийдирилди. Путин кийген көк түстүү жилеттин «күч жана жамандыкка каршы күрөшүүнү» өкүлдүк кылганынын белгилениши БРИКС өлкөлөрүнүн Орусияны батыш өлкөлөрүнө каршы өз шумкары катары эсептегендигин көрсөтүүдө. Анткени берки лидерлердин кийген жилеттеринин мааниси дагы да жумшак жана оң маанини камтыган. Путин маалымат жыйынында Орусия-Америка карым-карым катнаштарына байланыштуу «АКШлык өнөктөштөрүбүз биз менен иштешүүнү кааласа иштейбиз. Каалабаса керек жок»,- деп айтты. Орусиянын президенти Москванын АКШ менен тирешүүнү каалабаганын бирок бул багыттагы тандоонун Вашингтондо экенин айтты. Орус лидер ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда өзгөчөлөнгөн, тарыхый жана НАТО өлкөлөрүндөгү байланыштан дагы да терең, өтө жакын алакалары бар экенин айтты жана мунун сөзсүз эске алуулары керектигин сөз кылды.

Саммиттин алкагында лидерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрүштү. Кытай менен Орусиянын лидерлеринин жолугушуусунда, лидерлердин терророризмге каршы күрөшүү темасында бирдей пикирде экендиктери, Борбордук Азиядагы маселелерге сырттан кийлигишүүнүн кабыл алынбай турганы жана террористтердин аймакта жайылышын алдын алуу үчүн кызматташууну арттыруу керектиги баса белгиленди.  

Си Цзиньпин менен Модинин жолугушуусунда болсо, Моди 21-кылымдын Азиянын кылымы болушу үчүн Кытай менен Индиянын кол кармашуусу керектигине көңүл буруп, Кытай менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү улантуу аркылуу БРИКС жана Шанхай Кызматташтык Уюму менен катар көп тараптуу кызматташууну күчтөндүрүүгө даяр экендиктерин баса белгиледи.

8-БРИКС саммитинен улам Орусия-Индия жыйынынын он жетинчиси да Орусиянын президенти Владимир Путин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жетекчилигинде өткөрүлдү. Эки лидердин жолугушуусунан кийин Москва менен Жаңы Дели S-400дүн сатылышы жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Аскердик технология тармагында кол коюлган дагы бир өкмөттөр аралык келишимге караганда да Орусиянын Индия үчүн 11356 долбооруна таандык фрегаттарды өндүрөөрү белгилүү болду. Ошондой эле эки өлкө Ка-226Т үлгүсүндөгү тик учарлардын өндүрүлүшү үчүн биргелешкен ишкана курат. Моди менен Путин ведео-конференция жолу аркылуу Куданкулам атомдук станциясынын экинчи блогун тейлөөгө ачып, бул жерде курула турган үчүнчү жана төртүнчү блоктордун пайдубалын түптөштү. Станцияда жалпы 5 блоктун болушу пландалууда.

Путин, Моди менен жолугушуусунда дагы да активдүү кызмат көрсөтүүсү үчүн Көз карандысыз мамлекеттердин коопсуздук кеңешине Индиянын туруктуу мүчө катары кошулушун колдогонун баса белгиледи. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги менен Индиянын ортосунда эркин экономикалык соода аймагы түзүлүүсүнө карата сүйлөшүүлөр декабрь айында башталат.

Саммиттин алкагында Индиянын борбору Жаңы Делиде быйыл алгач ирет БРИКС кинофестивалы өткөрүлдү. БРИКСке мүчө өлкөлөр катышкан БРИКС кинофестивалында 20 фильм жарышты. Келээрки жылы өтө турган 9-БРИКС саммитине Кытай Эл Республикасы төрагалык кылат.

 Глобалдашкан дүйнө бир жагынан да тирешүүгө, аймактык уюмдашууга бара жатат. Индия болсо Евразия аймагы жана аймактын лидер өлкөлөрү болгон Кытай жана Орусия менен карым-карым катнаштарын өнүктүрүүдө. Ал эми БРИКС, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу аймактагы уюмдар күчтөнгөн сайын чыгыш-батыш тирешүүсү күч алат. БРИКСтин күчтөнүшүнүн адам баласынын ырааттуулугуна кызмат кылабы же уюлдашууну дагы да күчөтөбү муну айтуу азырынча кыйын. Бирок мындан кийин чыгыш-батыш карым-катнаштарынын мурдагысындай жүрбөй турганы да анык.



Тектеш кабарлар