БУУнун Сирияда химиялык куралдарды белгилөөчү миссиясынын мөөнөтү узартылды

3 окуяда Асад режиминин, 1 окуяда болсо ДЕАШтын химиялык курал колдонгону белгиленген.

601351
БУУнун Сирияда химиялык куралдарды белгилөөчү миссиясынын мөөнөтү узартылды

Сирияда химиялык курал колдонгон тараптардын белгилениши максатында түзүлгөн БУУнун миссиясынын кызмат мөөнөтү БУУнун коопсуздук кеңеши (БУУКК) тарабынан 18-ноябрга дейре узартылды.

БУУКК, БУУ менен Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму (OPCW) биргелеше түзгөн миссиясынын кызмат мөөнөтүнүн узартылышын сүйлөштү.

Миссия 1 жылдык кызматы убагында БУУКК тарабынан иликтениши талап кылынган химиялык куралдар менен кол салууларды териштирип жана 3 окуяда Асад режиминин, 1 окуяда болсо ДЕАШтын химиялык курал колдонгонун белгилеген.

Орусия, миссиянын отчетунун карама-карышылктуу болгонун жактады жана режимдин химиялык курал колдонгону жөнүндө жетиштүү далили болбогонун айтып чыккан.

JIM төрагасы Виргиния Гамба болсо отчеттун артында тургандарын белгилеп, Сирияда режим күчтөрү тарабынан үч жолу химиялык курал колдонулганы жөнүндө жетиштүү далил бар экенин жактаган.



Тектеш кабарлар