Анкара жана Москва Сириянын Халеб шаарында демографиялык түзүлүштү коргойт

Эки өлкө жарандык согуш башталган 2011-жылдан мурдагы демографиялык түзүлүштүн сакталышы үчүн бирге иштешет.

600625
Анкара жана Москва Сириянын Халеб шаарында демографиялык түзүлүштү коргойт

 

Анкара жана Москва Сириянын Халеб (Алеппо) шаарында түзүлүшү кааланган террор багытына каршы биргелешип киришүүсүн баштады.

Эки өлкө аймакта террор багытынын түзүлүү аракетине уруксат бербей, жарандык согуш башталган 2011-жылдан мурдагы демографиялык түзүлүштүн сакталышы үчүн бирге иштешет.

«Йени шафак» гезитинин кабарына караганда Халебден башталып Идлиб, Латакия, Ракка, Хасеке жана Дейр эз-Зорду камтыган аймак, согуштан мурдагы абалга жакын демографиялык түзүлүш негиз кылынып алынып формаланат.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Эркин Сирия армиясы менен бирге 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында түндүктө 1300 чарчы км аянт террор элементтеринен тазаланды.

Халебге дейре илгерилеген Түрк куралдуу күчтөрү-Эркин Сирия армиясы шериктештиги, эми Орусия менен жетишилген макулдашуунун алкагында шаардын ичине кирет.

Кабарга караганда президент Эрдогандын Түрк чек араларында түзүлүшүн каалаган коопсуз аймакты 5 миң чарчы метрдик аянтка жеткирүүнү жарыялашы да Орусия менен жетишилген макулдашуунун беренелеринен бири.

Оппозициячылдардын Халебдин борборуна баштаган акыркы операциясы да бул ирет тезисти тастыктап турат.



Тектеш кабарлар