АКШ Түркияны куттуктады

Жон Керри жазуу түрүндөгү куттуктоосун жарыялады

598769
АКШ Түркияны куттуктады

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри түрк элин 29-октябрь Республика майрамы менен куттуктады.

Жон Керри жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «АКШнын президенти Барак Обама жана Америка элинин атынан, 29-октябрда Республиканын түзүлгөндүгүнүн 93 жылдыгын белгилеп жаткан түрк элин куттуктаймын»,-деди.

АКШнын шериктеши болгон Түркиянын демократиялык жолдор менен шайланган өкмөтүнө жана мекемелерине колдоо көрсөтүүсүн улантып жатканын белгилеген Керри, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде каза болгондун жакындарына дагы бир жолу көңүл айткандарын билдирди.

Керри Түркия менен АКШнын Сириядагы жарандык согуш, баш калкалоочу маселеси жана экстремисттик топторго каршы күрөшүү сыяктуу көптөгөн маселени чечүүдө биргелеше иштеп жатканын эске салып, буларга токтолду: «АКШ, өзгөчө Түркияда акыркы мезгилде болгон террордук кол салуулардын себебинен адилеттүүлүк, коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн Түркияны колдоого чечкиндүү. Америкалыктар түрктөр менен болгон алакаларына чоң маани беришет. Сиздер бул өзгөчө күндү белгилеп жатканда, түрк элине бакубаттык жана тынчтык каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар