Витали Чуркин менен Стивен О'Брайендин кайым айтышы

Чуркиндин бул сөздөрүнө АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр да каршылык көрсөттү.

598072
Витали Чуркин менен Стивен О'Брайендин кайым айтышы

Сириянын Халеб шаарындагы кырдаалга чечүүчү жол табышы күтүлгөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынынан, кайым айтышуудан башка эч нерсе чыккан жок.

Сирияга гуманитардык жардамдардын жеткирилүүсү үчүн өткөрүлгөн жыйын, Орусия менен айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн кайым айтышуулары менен аяктады.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О'Брайен, Халебдин өлүм аймагына айланганын айтты.

Карапайым адамдардын орус жана Асад режими тарабынан бомбаланып жатканын айткан О'Брайен, аман калгандарынын болсо ачкачылыкка түртүлгөнүн айтты.

Согушту соңуна чыгаруу жана аймакка гуманитардык жардамдарды жеткирүү БУУнун Коопсуздук кеңешинин милдети экенин белгилеген О'Брайен, бирок буга чейин эч нерсе жасалбаганын баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин ишке киришпегенин сындаган Стивен О'Брайен: «Эгерде чара көрбөсөңүздөр куткарыла турчу Сирия жана Сирия эли да калбайт. Сирия бул кеңештин уят кылуучу мурасы болот. Буга тоскоол болуу сиздин колуңузда»- деп айтты.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Витали Чуркин болсо О'Брайендин сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

«Насаат уккубуз келсе чиркөөгө бармакпыз»,- деген Чуркин О'Брайендин сөз сүйлөөсүндө Халебде жарыяланган 8 күндүк ок атпоо процессинен эч сөз кылбаганын айтты.

Чуркиндин бул сөздөрүнө да АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр каршылык көрсөттү.

Пауэр Орусиянын өкүлүнө: «Сирияда согуш кылмыштарына бир күндүк тыныгуу бердик деп ырахмат күтпөгүлө»,- деди.

Кеңеште Асад режиминин өкүлү Башар Жафери сөз алганда болсо батыштык өлкөлөрдүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти.



Тектеш кабарлар