Түркия-Орусия кызматташтыгы

Эки өлкөнүн делегациялары Москвада жолугушту

596360
Түркия-Орусия кызматташтыгы

Түркия менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда басма сөз жана маалымат тармагындагы кеңешүүлөрдүн экинчиси Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарованын жетекчилигиндеги делегациялардын ортосунда 24-октябрда Москвада өткөрүлдү.

Москвада кечээ өткөрүлгөн сүйлөшүүдө, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын нормалдашуусунун алкагында басма сөз жана маалымат тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралып, медиа органдарынын эки тараптуу жолугушууларынын арттырылуусу жана эки өлкөдө тең кызмат кылган журналисттердин иш-чараларынын жеңилдетилиши боюнча кеңешүүлөр болду.

Ошондой эле социалдык медианын колдонулушу темасында өз ара пикир алмашылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы басма сөз жана маалымат тармагындагы кеңешүүлөрдүн биринчиси 2014-жылдын декабрь айында Анкарада өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар