Араб лигасынын кезектеги саммитине Иордания жетекчилик кылат

Махмуд Афифи, Йемендин 28-чакырылыштагы саммитке жетекчилик кылбай турганы жөнүндө маалымат алгандарын айткан.

596378
Араб лигасынын кезектеги саммитине Иордания жетекчилик кылат

Иордания, алдыбыздагы жылдын март айында өткөрүлүшү пландалган Араб лигасынын 28-чакырылыштагы саммитине жетекчилик кылат.

Араб лигасынын катчысы Махмуд Афифи, жазуу түрүндөгү жарыясында Иорданиянын тышкы иштер министри Насыр Жудеден өлкөсүнүн Араб лигасынын саммитине жетекчилик кылууну кабыл алганы жөнүндө маалымат алгандарын жарыялады.

Афифи, саммит өткөрүлө турган күндүн белгилениши үчүн тийиштүү жыйналыштар алдыдагы күндөрдө өткөрүлө турганын маалымдады.

Махмуд Афифи, 17-октябрда берген маалыматында Йемендин 28-чакырылыштагы саммитке жетекчилик кылбай турганы жөнүндө маалымат алгандарын жана бул милдеттин Иорданияга өткөнүн жарыялаган.

Араб лигасы кеңешинин кезектеги жыйналыштары саммит деңгээлинде Египеттин борбор шаары Каирдеги борбордук имаратта өтүп жатат. Жетекчилик кылган өлкө кааласа саммит өткөрүү үчүн чакыра алат. Саммитке жетекчилик кылуу өлкө ысымдарынын алфавиттик тизмесине жараша болот.



Тектеш кабарлар