Алексей Миллер Путин менен Москвада жолугушту

Газпромдун жетекчиси Миллер Путинге маалымат берди.

596122
Алексей Миллер Путин менен Москвада жолугушту

Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер «Түрк агымы» газ кууру долбоорунда эки түтүк жол үчүн курулуштун 2019-жылдын аягында аякташы мүмкүн экенин белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада жолугушкан Миллер «Түрк агымы» газ кууру долбооруна байланыштуу маалымат берди.

Түрк агымында керектүү иликтөөлөр жүргүзүлгөнүн жана курулуш үчүн Түркиядан уруксаттар алынгандыгын эске салган Миллер, долбоордун алкагында курула турган 15,75 миллиард куб метр көлөмдүү биринчи куурдун Түркиянын экономикасы үчүн пландалганын, экинчи куурдун болсо Европадагы кардарларына газ жеткирилишинин көздөлгөнүн белгиледи.

Түрк агымы газ кууру долбоорунда Түркия менен Орусиянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимге 10-октябрда Стамбулда кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар