Орусия радикалдуу партияларга финансылык колдоо көрсөтүп жатабы?

Европа Биримдигинин лидерлери, Орусияга киргизилген санкциялардын кеңейтилишин каалап жатышат.

593658
Орусия радикалдуу партияларга финансылык колдоо көрсөтүп жатабы?

Европа Биримдигинин лидерлери Орусиянын айрым өлкөлөрдөгү радикалдуу партияларга финансылык колдоо көрсөтүп жатканын сөз кылышууда.

Бул тема Бельгиянын борбору Брюсселде бүгүн лидерлер деңгээлинде өтө турган саммитте талкууланат.

Испаниядагы «El País» гезитинин маалыматына караганда, борбору Будапештте орун алган Political Capital Institute сыяктуу европалык көптөгөн талдоо уюмдары иликтөөлөрү аркылуу Москва башкаруучулугунун Европа Биримдигинин ичиндеги ар түрдүү радикалдуу партияларга финансылык колдоо көрсөтүп жаткандыгын ортого салышты.

Булардын арасынан Франциядагы Улуттук фронт, Венгриядагы Йоббик жана Грециядагы Алтын шафак көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык Чех Республикасы, Словакия жана Балтика өлкөлөрүндө да Орусиянын колдоосун алган ушул сыяктуу партиялар бар.

Европа Биримдигинин лидерлери, Орусияга киргизилген санкциялардын кеңейтилишин каалап жатышат.



Тектеш кабарлар