Клинтон менен Трамптын талаш-тартышы...

Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын тартышууга кол алышпай туруп баштоосу көңүлдөрдү бурду.

593587
Клинтон менен Трамптын талаш-тартышы...

Америка Кошмо Штаттарында 8-ноябрда боло турган президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда эки талапкер акыркы жолу экрандарда бетме-бет келишти.

Лас Вегастагы Невада университетинде уюштурулган үчүнчү беттешүүдө Демократ партиянын талапкери Хиллар Клинтон менен атаандашы Республикачыл партиянын талапкери Дональд Трамп катуу тартышышты.

Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын тартышууга кол алышпай туруп баштоосу көңүлдөрдү бурду.

Тартышууга сурамжылоолордо бир топ алдыда көрүнгөнү боюнча  жеңил желпи келген Клинтондун, аборт боюнча талкууда көзүнөн жаш акты.

Талапкерлер аборт маселесинде эки башка уюлда сыяктанды...

«Мен жашоону жактайм»,-деп, Трампка жооп берген Клинтон: «Аялдар өз ден-соолуктарына байланыштуу чечим чыгара алышы керек»,-деди.

Жеке куралдануу темасында болсо эки талапкердин абдан жакын пикирлерге ээ болгону белгиленди.

Эки тарапкер тең жеке курал сатып алууга тыюу салынбашы керектигин белгилесе, Хиллари Клинтон жабыркаган балдарды жана бейкүнөө адамдарды көз алдыга жайып, айрым чектөөлөр коюлушу керектигин айтты.

Шайлоолорго Орусиянын таасири болгонун айткан Демократ талапкер, Путиндин Трампты колдогонун айтып чыкты.

Трамп болсо: «Путин мен тууралуу жакшы нерселерди айткан болушу мүмкүн. Орусия менен АКШ макулдашып ДЕАШка каршы согушса бул ар ким үчүн жакшы болот»,-деди.

Атомдук куралды колдонуу укугунун атаандашына бериле айлбай турганын жактаган Клинтонго, Дональд Трамп абдан катуу жооп берди.

Трамп: «Менин сүйлөгөндөрүм бурмаланууда. Клинтондун калпычы экени мындан мурда бир канча жолу аныкталды. Бул да ошолордон бирөө»,-деди.

Эки талапкер экономика темасында да ачакей пикирде болушту. Трамп, мурдагы президент Билл Клинтон кол койгон НАФТА келишиминин өлкө тарыхындагы эң жаман соода келишими болгонун белгилесе, Хиллари Клинтон Трампты америкалыктардын ордуна кытайлыктарга иш бергени менен күнөөлөдү.

Клинтондун соода министрлиги ачыла турганына убада бергенине болсо Трамп, «30 жыл бою мамлекеттин ар башка баскычтарында иштедиңиз, эмне үчүн мурдатан кылган жоксуз?»,-деп атаандашын сындады.

Деморкат талапкер өсүүнү ортоңку катмар менен камсыздай турганын айтса, Дональд Трамп экономика саясаттарында деталдарга кирген жок.

Акыркы 20 жылда Корпорациялык салыктарын төлөбөгөнүн моюнга алышы менен чоң сындоолордун бутасы болгон Дональд Трамп, салыктарды төмөндөтө турганын айтты.

Клинтон Трамптын аялдарга карай мамилеси жана зордукчулдугуна токтолгондо, Трамп сөздү Клинтондун электрондук почта чатагына алып барды. Трамп Клинтонду сот чакыруусу болгонуна карабастан 30 миңдей электрондук катты өчүрүп салганы менен күнөөлөдү.

Мигранттар темасында катуу мамилесин уланткан Республикачыл талапкер, контрабанданын чоң маселе болгонун жана коопсуздуктун күчөтөүлүшү керектигин жактады.

Клинтон болсо кылмышкерлер жөнөтүлүшү керек, бирок тобу менен өлкөдөн чыгаруу өлкөнү бөлүп жарат деген эскертүүсүн кылды.

Тартышууда Мосулду тазалоо операциясы да күн тартипте эле.

Мосул операциясынын шайлоо инвестициясы болгонун белгилеген Дональд Трамп, жыйынтыгында жеңген Иран болот деди.

Хиллари Клинтон: « Трамп, шериктештерибиз мени колдоого алыш үчүн операция уюуштурганын айтууда жана бул абдан күлкүнүчтүү айтым»,-деди.

Трамп Сирияда Асад режими кулатылса абал дагы да жаман боло турганын айтса, Хиллари Клинтон учууга тыюу салынган аймак жана коопсуз аймак ишке ашыруусун колдой турганын айтты.

Көз карандысыз сурамжылоолорго караганда ылдам түрдө добуштары азайып бараткан Дональд Трамп, атаандашы Хиллари Клинтондон 10 балл төмөнгө түштү.

Сүйлөгөн сөздөрү менен мыскылчылардын бутасына айланган Трамп, өлкөнүн алгачкы аял президенттикке талапкери Хиллари Клинтондон ашып өтүш үчүн арсар шайлоочуларды көндүрүшү керек...



Тектеш кабарлар