Тонер : «Түркия ПКК кол салууларына каршы калкын коргоо укугуна ээ»

«ПККга ачык түрдө террордук уюм катары  карайбыз. ПККнын Мусул операцияларында орун алуусун колдобойбуз»

589710
Тонер : «Түркия ПКК кол салууларына каршы калкын коргоо укугуна ээ»

АКШ террордук уюм катары аныктаган ПККнын Ирактын Мусул шаарынын ДЕАШтан тазалануусу үчүн өткөрүлө турган операцияга катышуусу сөз болбогондугун билдирди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марк Тонер күнүмдүк басма сөз жыйынында  берилген бир суроо боюнча : «ПККга ачык түрдө террордук уюм катары  карайбыз. ПККнын Мусул операцияларында орун алуусун колдобойбуз»,- деди.

Түркиянын жикчил ПКК террордук уюмга каршы  калкын коргогондугун колдошкондорун белгилеген Тонер : «Түркия ПКК кол салууларына каршы калкын коргоо укугуна ээ»,- деди.

Марк Тонер ПКК менен Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү башка күрт топторун бир биринен бөлдү деген ойду кайталап, террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнин ДЕАШка каршы маанилүү бир күч экендигин да ортого салды.

Тонерге айрыкча Ирак депутаты Аватиф Наименин террордук уюм ПККга карата Багдатта офис ачууга чакыруусу тууралуу суроо берилди. Ирактык депутаттын чакыруусун көрүшпөгөндөрүн айткан Тонер ПККнын  террордук уюм экендигин кайталады жана : «Албетте муну колдобойбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар