Мария Захарова маалымат берди

Лозанна шаарында өтө турган жыйында кайсы маселе каралат?

589399
Мария Захарова маалымат берди

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова 15-октябрда Швейцариянын Лозанна шаарында өтө турган Сирия жыйынында эң негизги теманын ок атпоо келишиминин кайрадан түзүлүүсү болоорун айтты.

Захарова бир жумалык маалымат жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө, Лозаннадагы Сирия сүйлөшүүсүнө Орусия, АКШ, Түркия жана Сауд Арабстандын тышкы иштер министрлери менен БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын катышуусунун пландалганын айтты.

Захарова: «Лозанна форматынын ийгиликтүү болуусу үчүн бардык чоң актерлор айрым жоопкерчиликтерди милдеттениши жана аянттагы күчтөрдүн ок атпоо келишимине баш ийиши үчүн керектүү иш-чараларды жүргүзүшү керек. Ийгиликтүү болгон учурда Сирия кризисинде саясий чечим табуунун кайрадан башталуусу үчүн алдын ала шарттар түзүлгөн болот»,-деди.

Ошондой Халебдеги абалга да токтолгон Мария Захарова Орусия, Асад режими жана БУУнун Халебдеги маселенин чечилүүсү үчүн альнернативаларды издөөгө даяр экенин сөз кылды.



Тектеш кабарлар