Орус басма сөзү Путин - Эрдоган жолугушуусуна кенен орун берди

Орус кабар каналдары Путин - Эрдоган жолугушуусу тууралуу Стамбулдан түз эфирден беришти

587132
Орус басма сөзү Путин  - Эрдоган жолугушуусуна кенен орун берди

Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин жолугушуусу орус басма сөзүнөн кенен түрдө орун алды.

Орус кабар каналдары Путиндин 2015 -  жыл 24 -  ноябрда болгон учак кризисинен кийин Түркияга жасаган биринчи сапары эрте мененден баштап Стамбулдан  түз эфирден беришти. Интернет сайттарында Стамбул алдыңкы орунга чыкса,  гезиттер биринчи беттерин Эрдоган – Путин жолугушуусуна бөлүштү. Муну менен бирге Эрдоган  - Путин жолугушуусу үчүн Орусиядан алтымыш журналисттин виза алгандыгы белгиленди.

Орус «Коммерсант» гезити биринчи бетинен берген маалыматында Түрк агымы жаратылыш газ линиясынын өкмөттөр аралык келишимге кол коюлгандыгын алдыңкы планга чыгарды. Гезит жолугушуу тууралуу Стамбулдан жазган журналисттин макалаларын жарыялап, башка бир кабарында да Түрк агымына байланыштуу кенен маалыматтарды да берди.

«Известия» гезити кабарында «Достук агымы кайрадан курулду» деген маалымат жарыялады. Маалыматта Путиндин учак кризисинен кийин биринчи жолу Түркияга келгендиги белгиленип Эрдоган  - Путин жолугушуусуна карата кенен маалымат берилген.

«Комсомольская Правда» гезити сапар тууралуу «Орусия жана Түркия Түрк агымына кол койду» деген темада берген. Маалыматта «Путин менен Эрдоган Түрк агымы, жаратылыш газдын баасын түшүрү жана айыл – чарба продукциялары тууралуу келишти»,- деп жазды.

Экономика жана иш дүйнөсүнөн да кабарлар орун алган «Ведомости» гезити «Түрк цитрустары Орус базарына кайтып жатат» деген маалымат берген. Интернет сайттары жана кабар порталдарында болсо жолугушууга байланыштуу көп сандаган кабарга орун берилген. Коммерсант – онлайн «Түрк мөмөлөрү кайра кайтат», Газета.ру сайты «Орусия Түркиядан мөмө экспорттоого уруксат берди» жана «Түрк агымы үчүн колдор коюлду», Лента.ру сайты «Орусия түрк  продукцияларына базарын кайрадан ачууда» сыяктуу темаларды колдонду.

Орус кабар каналдары Путиндин сапарын Стамбулдан берген түз эфир менен  берип турду. Эрдоган  - Путин өткөргөн  пресс – пресс жыйын түз эфирден берилди.

Орусия – 24 каналы кабарында Түрк агымы Сирия жана энергетика тармагындагы абалдарды алдыңкы планга чыгартты. Канал бир күн боюнча кабар бюллетендерин Стамбулдан түз эфирден  берип турду.

Life News каналынын кабар темаларынын арасында «Путин менен Эрдоган түрк – орус карым – катнаштарында калыбына  келтирүүнү улантуу чечимин чыгарды», «Эрдоган : «Түркия жана Орусия Евфрат калканында кызматташтык түзө алат», «Путин менен Эрдогандын жолугушуусу 2 саатка жакын созулду» сыяктуу темалар орун алды.

Орусия менен Түркиянын ортосунда 24 -  ноябрда чек араны бузган орус учагынын атып түшүрүлүшү менен бузулган карым – катнаштар президент Р. Т. Эрдогандын июнь айында жасаган билдирүүсү менен  нугуна кирген.

Эрдоган орус лидер менен август айында Орусияда жана сентябрда Кытайдагы чоң жыйырмалар саммитинде болуп эки жолу  жолугушкан.



Тектеш кабарлар