АКШ менен Орусия Сирия тууралуу макулдаша албай жатат

Орусия Франция даярдаган чечим долбоорунун кабыл алынгыс экендигин айтууда

585280
АКШ менен Орусия Сирия тууралуу макулдаша албай жатат

Эки өлкө бир бирин күүнөөлөп, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри  Орусиянын мамилесине катуу каршы чыкты. Керри : «Орусия Халептеги ооруканага кол салгандыгына байланыштуу маалымат берүүсү керек, согуштук кылмышты иликтөө менен бетме – бет келиши мүмкүн»,- деди.

Орусия болсо Халепте ок атууларды токтотуунун түзүлүшү үчүн Франция даярдаган чечим долбоорунун кабыл алынгыс экендигин айтууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо, БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан Де Мистуранын Халептен Ел Нусра террористтеринин чыгарылышы үчүн «керек болсо мен да коштоймун»,- деген сөзүн эске салуу менен муну колдошорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар