Европа Биримдигинин жардам планы

Европа Биримдиги Халебдеги элге жардам берет

581585
Европа Биримдигинин жардам планы

Европа Биримдиги Сириянын Халеб шаарынан чыга албай калган он миңдеген тургунга жардам планын жарыялады.

Биримдик Халебдеги жарандарга аймактагы эл аралык жардам уюмдары аркылуу 25 миллион евролук гуманитардык жардам жөнөтөт.

Жардам пакетинде медициналык буюмдар, дары-дармек, таза суу жана азык-түлүк орун алат.

Европа Биримдиги Халебдеги кагылышуулардын бардык тараптарларына гуманитардык жардамдардын өтүүсүнө жана жаралуулардын алынып кетишине уруксат берилиши чакырыгын салды.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясатары боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен Европа Биримдиги комиссиясынын гуманитардык жардам боюнча мүчөсү Христос Стилианидис Сириянын Халеб шаарындагы абал тууралуу биргелеше маалымат беришти.

Анда Чыгыш Халебде карапайым тургундардын негизги муктаждыктары болгон азык-түлүк, суу жана дары-дармекке жетүүдө кыйынчылык тартып, оорулуу жана жаралуулардын да аймактан чыга албай жаткандарына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар