Израиль Түркияга кун төлөдү
Израиль канча доллар төлөдү?
580330
Израиль 2010-жылдагы «Мави Мармара» кол салуусунан курман болгондор үчүн Түркияга 20 миллион доллар төлөдү.
Бул каражат Түркиянын Адилет министрлигинин эсебине которулду.
Газага жардам алып бараткан «Мави Мармара» кемесине 2010-жылы 31-майда Израиль аскерлери кол салып, анда 10 түрк каза тапкан болчу.
Операция убагында каза болгон түрктөрдүн үй-бүлөлөрүнө кун төлөнүшү талабы, Түркиянын Израиль менен болгон алакаларын оңдоого карата үч шартынан бири эле.