АКШ 55 жылдан кийин элчи дайындады

1961 - жылы үзүлгөн дипломатиялык карым – катнаштардан кийин АКШ Кубага биринчи жолу элчи дайындоого чечим чыгарды

578457
АКШ 55 жылдан кийин элчи дайындады

АКШнын президенти Барак Обама азыр да Кубадагы АКШ элчилигинде иштеп жаткан Жеффри Делорентисти Хавана элчилигине талапкер көрсөттү.

Делорентис АКШ менен Кубанын 2014 -  жылдын акырында карым – катнаштарды калыбына  келтирүү чечимин чыгаруусу жана ушунун негизинде өткөн жылы эки өлкө элчиликтерди ачуусунан кийин АКШнын Хавана элчилигинде кызмат кылып жаткан.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин карьер дипломаттарынан болгон Делорентис андан мурда да АКШнын БУУнун өкүлчүлүгүндө, Богота элчилигинде жана Вашингтондо министрлик борборунда түрдүү кызматтарды аткарды. Делорентистин элчи катары дайындалуусу үчүн сенат тарабынан бекитилүүсү керек.

Эки өлкө карым – катнаштарды калыбына келтирүүнүн негизинде элчиликтерди ачуу, түздөн түз соода каттамдарын кайрадан баштоо чечимин чыгарган болчу. АКШ башкаруусу Кубага карата кээ бир экономикалык жана соода чектөөлөрүн жумшаткан. Обама март айында  1928 -  жылдан бери кызматта турган кезинде  сапар менен Кубага барган биринчи АКШ президенти болду.

 



Тектеш кабарлар