Румынияда да жер титирөө болду

Яссы шаарында эки кишинин жеңил жаралангандыгы жана имараттарда жараңкалардын пайда болгондугу билдирилди

576273
Румынияда да жер титирөө болду

Румыниянын чыгышында 5,6 баллдык жер титирөө болду. АКШ Геологиялык изилдөөлөр борбору 88, 3 километр тереңдикте болгондугу белгиленген жер титирөөнүн эпицентринин Нереж аймагынын 7 километр батышы болгондугун билдирди.

Чукул абалдар жооптуусу Силвиа Болохан өлкөнүн расмий кабар агенттиги Агерпреске берген маалыматында жер титирөө болуп жаткан учурда Яссы шаарында эки кишинин жеңил жаралангандыгын жана имараттарда жараңкалардын пайда болгондугун белгиледи. Яссыда жер титирөөдөн кийин эл көчөлөргө чыкты. Жер титирөө Бухарест менен Брашов жана Краиова шаарларында да сезилди.



Тектеш кабарлар