Кытай дубалы

Рестоврацияга таандык фотографиялардын социалдык медиада бөлүшүлүшү менен оңдоо иштери миңдеген киши тарабынан сынга алынды

575945
Кытай дубалы

Дүйнөнүн эң узун дубалы деп билинген Кытай дубалында жасалган жана байыркы курулушту темир  - бетонго айландырган иштерге каршы чыгуулар болууда.

Англис басма сөзү БиБиСиде орун алган маалыматка караганда БУУнун карамагындагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинен орун алган дубалдын 8 километрдик бөлүгү Кытай өкмөтү тарабынан кум жана цемент экендиги ортого салынган материалдар менен оңдолду. Ляонин региондук байыркы чыгармалар бюросунан Динг Хуи оңдоого байланыштуу «Чындыгында абдан жаман рестоврация иши болду»,- деп баа берди.

Динг 2014 -  жылы болгон рестоврацияда 635 жылдык курулуштун урап калган жерлеринин толтурулгандыгын жана бетине кошумча катары коргоочу бир катмардын кошулгандыгын, бирок мунун идеалдуу болбогондугун айтты.

Рестоврацияга таандык фотографиялардын социалдык медиада бөлүшүлүшү менен оңдоо иштери миңдеген киши тарабынан сынга алынды.

Кытай дубалынын 40 жыл мурда сууга көмүлүп жоголгон бөлүгү июнь айында өлкөнүн түндүгүндөгү Хыбей аймагына караштуу Куанчынг Ман автономиялуу аймагындагы Панжиакоу суу сактагычында айыл - чарба жана өнөр – жай иштеринин натыйжасында суусуздуктун айынан ортого чыккан.

ЮНЕСКО тарабынан 1986 -  жылы дүйнөлүк мурастар тизмесине кошулган, Кытайдын маданий символу Кытай дубалы кулаган бөлүктөрү менен бирге 20 миң километрден ашкан узундугу менен дүйнөнүн эң чоң тарыхый курулушу катары билинет.

 

 



Тектеш кабарлар