АКШнын мамлекеттик катчысы Сирияда орчундуу аймактарда учууларды чектөөнү сунуштады

Президент Р. Т. Эрдогандын учууга тыюу салынган аймак сунушуна АКШдан колдоо

574906
АКШнын мамлекеттик катчысы Сирияда орчундуу аймактарда учууларды чектөөнү сунуштады

Президент Р. Т. Эрдогандын учууга тыюу салынган аймак сунушуна АКШдан колдоо

АКШнын мамлекет катчысы Жон Керри да Сирияда орчундуу аймактарда учуулардын чектелүүсүн суранды. Керри БУУда өткөрүлгөн Сирия жыйынында учууга тыюу салынган аймак талаптарына токтолду жана мыйзамдуу оппозиция менен Ел Нусра жана ДЕАШтын ортосунда айырмачылыктын болушу керектигин айтты. Сирия аскердик учактарынын мыйзамдуу оппозиция орун алган аймактарда учушунун чектеле аларын белгилеген Керри : «Учууларга чектөө алып келүүбүз керек. Бул Сирия режиминин «Ел Нусра фронту менен күрөшүп жатамын» деген шылтоо менен жарандарга кол салуусуна бөгөт болот. Бирдикте эртерээк орчундуу жерлердеги бардык аба унааларынын жерге түшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп, керек жана гуманитардык жардамдардын үзгүлтүксүз түрдө жеткирилүүсүнө шарт түзүүбүз керек»,- деди. Керри Орусияга чакыруу салуу менен Асад режимин аба күчтөрүнө таандык учактарды учурбоого көндүрүүсүн талап кылды.

Асад режими, Орусиянын жардам кызматкерлери менен жарандык калкка карата жасаган кол салууларына да каршы чыккан Керри кагылышууларды токтотуу келишимине карабастан абадан кол салуулардын натыйжасында Халеп жакындарындагы бир саламаттыкты сактоо мекемесинде 4 жардам кызматкеринин каза болгондугун жана бул аймакта аскердик учактары абада болгон эки өлкө Орусия жана Сирия экендигин айтты.

19-  сентябрда болсо толук жоопкерчилик жана уруксат берилген гуманитардык жардам конвоюна карата 2 саатка созулган кол салууда 20 жардам кызматкеринин өлтүрүлгөндүгүн белгилеген Жон Керри : « Бул кол салуу Сирияга тынчтыкты алып келүү иштерибизге оор сокку урду жана Орусия же Асад режиминин Женевада берген убадаларында туруусу тууралуу терең шек ойготту»,- деди.



Тектеш кабарлар