АКШ армиясына таандык согуштук учак Японияда деңизге кулап түштү

Куткаруучу топтор тик учар жана катерлер менен учактын калдыгын издешти.

574977
АКШ армиясына таандык согуштук учак Японияда деңизге кулап түштү

АКШ армиясына таандык согуштук учак Япониянын Окинава аралына жакын жерде деңизге кулап түштү.

Аймактагы Америка базасында кызмат кылган учактын асманга көтөрүлгөндөн кийин аралдын чыгыш жээгиндеги деңизге кулап түшкөнү билдирилди.

Куткаруучу топтор тик учар жана катерлер менен учактын калдыгын издешти.

Японияда басылып чыккан «Рюкю Шимпо» гезити жергиликтүү жооптуу кызматкерлерден алып берген маалыматында пилоттардын кырсыктан аман калгандарын жазып чыкты.



Тектеш кабарлар