Нью - Йорк жардыруусу тууралуу камоого алуу

Нью – Йорктогу жардыруу тууралуу 5 киши камоого алынды

572839
Нью - Йорк жардыруусу тууралуу камоого алуу

Нью – Йорктогу жардыруу тууралуу 5 киши камоого алынды. Нью – Йорк полициясы менен FBI топтору Бруклин менен Стейтен Айленд райондорун бир бирине байланыштырган Веррацано көпүрөсүндө  бир унааны токтотуу менен ичиндеги беш кишини камоого алды. FBIдан алынган маалыматта кылмышкерлердин жардыруу тууралуу камоого алынгандыгы, бирок азырынча өздөрүнө кандайдыр бир күнөөлөө болбогондугу белгиленди.

АКШнын Нью – Йорк шаарынын Манхаттан районунда 23 -  көчөнүн 6 – 7  - проспектилеринин ортосундагы бөлүгүндө таштанды контейнеринин жакынында мурунку күнү болгон жардырууда 29 киши жараланган.

Нью – Йорк мэри Билл де Бласио андан мурда берген маалыматында окуянын күч колдонулган «пландуу бир кылмыш кыймылы» экендигин, бирок кимдер тарабынан кандай максатта ишке ашырылгандыгы азырынча толугу менен белгилене албагандыгын айткан. Жарылуучунун Бостон Маратону кол салуусунда да колдонулган кострюлдун ичине металдардын толтурулушу менен даярдалган жардыруучу затка окшош экендиги билгиленди.



Тектеш кабарлар