АКШда жардыруулар, кол салуулар...

АКШнын Филадельфия шаарында куралчан кол салуу болсо, Нью-Йорк жана Нью-Жерсиде жардыруулар болду.

572330
АКШда жардыруулар, кол салуулар...
new york patlama.jpg

АКШнын Филадельфия шаарында болгон куралдуу кол салууда 2 киши каза тапты.

25 жашындагы Николас Гленн аттуу куралчан кол салгыч алгач полициянын унаасына ок атып коопсуздук кызматкерлерин жаралады, андан кийин бир барды көздөй ок атып бир аялды өлтүрдү.

Окуяда 2 полиция менен 5 киши жаракат алды.

Кол салгыч да ошол эле жерде атылып өлтүрүлдү.

Шектүү кол салгычтын өлкөдө талаш туудурган полициянын күч колдонуусуна ызаланганы үчүн туш келди ок атканы божомолдонууда.

Бул учурда Нью-Йорк шаарында да таштанды кутусунда жарылуу болуп бирөө оор 29 киши жаракат алды.

Жарылуу Манхэттендин туристтик Челси районунда адамдар ишемби күнү сейилдеп жүргөн убакта болду.

Жарылуудан кийин окуя болгон жерге барган Нью-Йорк шаарынын башчысы Билл де Бласио, жарылуу атайылап жасалганын билдирди, бирок шаардын террордук кол салуу коркунучунда эместигин айтты.

Нью-Йорктун полиция уюмунун террор менен күрөшүүчү топтору окуя болгон жерде иликтөө баштап, шаарда коопсуздук чара көрүүлөрүн күчөттү.

Нью-Жерси штатында да жардам максаттуу уюштурула турган чуркоонун алдында таштанды кутусуна жайгаштырылган бомба жардырылды.

Seaside Park аймагында чуркоо тилкесинин багатында болгон жарылууда жаркат алган же каза тапкан эч ким болгон жок. Жарылуудан кийин жардам максатында уюштурулган 5 км чуркоо жоюлду.

АКШда 2013-жылы Бостон Марафону убагында бомбалуу кол салуу болуп 3 киши каза болгон, 260 киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар