Түркия АКШдан Гүлендин камакка алынышын талап кылды

Талап АКШга билдирилди

570293
Түркия АКШдан Гүлендин камакка алынышын талап кылды

Түркиянын Адилет министрлиги, АКШнын Адилет министрлигинен  Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин төңкөрүш аракетине буйрук берип, башкаргандыгынын себебинен камакка алынышын талап кылды.

Ушундайча министрлик тарабынан төңкөрүш аракетине байланыштуу биринчи убактылуу камакка алуу талабы АКШга бидирилген болду.

Адилет министрлигинин АКШнын Адилет министрлигине жөнөткөн талап жазуусуна Анкаранын Республикалык башкы прокурорлугу тарабынан жүргүзүлүп жаткан териштирүүнүн алкагында Анкара 2-Кылмыш жаза сотунун камакка алуу боюнча  томтоту да кошулду.

Жазууда АКШнын Пенсилвания штатында жашап жаткан Гүленге караштуу ФЕТӨгө мүчө аскерлердин Гүлендин буйругу менен куралдуу төңкөрүш аракетин жасаганы баяндалды. Алар Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичинде ар кандай кызматтарды өтөгөн аскерлер болчу.

Гүлен төңкөрүш аракети менен бирге «Адам өлтүрүү, президентке кол салуу, конституциялык тартипти жоюуга аракет кылуу, Түркия Улуу Улуттук жыйынын жоюуга же кызматына бөгөт болуу, Түркия Республикасын жок кылууга же кызматына бөгөт болуу жана куралдуу террордук уюм түзүү, аны башкаруу» сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы жана бул кылмыштардын негизинде издөө салынганы билдирилген жазууда, Гүлен туурасында «куралдуу террордук уюм түзүү жана башкаруу кылмышынан 10 жылдан 15 жылга чейин, берки кылмыштардан болсо өмүр бою абак жазасынын көздөлгөнү белгиленди.

Адилет министрлигинин жазуусунда убактылуу камакка алуу талабынын Түркия менен АКШнын ортосундагы «Кылмышкерлердин кайтарылып берилиши жана жаза иштеринде эки тараптуу жардам» келишиминин 10-беренесинин алкагында экенине көңүл бурулду.

Адилет министрлиги төңкөрүш аракетинен мурда АКШга ФЕТӨ тарабынан жасалган кылмыштарга байланыштуу төрт башка дело жөнөткөн жана бул делолор аркылуу убактылуу камакка алуу талап кылынган болчу.



Тектеш кабарлар