АКШ менен Орусия макулдашты

Эки өлкө кайсы темада макулдашты?

568773
АКШ менен Орусия макулдашты

АКШ менен Орусия, Сириядагы кагылышуулардын токтотулушу максатында өлкөнүн жалпысында ок атпоонун 12-сентябрда Курман айт майрамыны менен башталышы боюнча макулдашышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Швейцариянын Женева шаарында Сирия маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин маалымат жыйынын өткөрүштү.

Керри Сирияда күч колдонуунун азайтылышы, кайгылардын жеңилдетилиши, тынчтык жана саясий өткөөл процессинде иш-чаралардын улантылышы темасындагы планды билдирүү үчүн чогулгандарын айтты.

АКШ менен Орусиянын кагылышуулардын токтотулушу үчүн макулдашкандарын баса белгилеген Керри: «Сирияда өлкөнүн жалпысында ок атпоо режими 12-сентябрь Курман айт майрамы менен башталат. Пландын ишке ашырылышынын Сирия үчүн бурулуш жери болооруна ишенем»,-деди.

Бардык тараптарларды Сирияда кагылышуулардын токтотулушу келишимине баш ийүүгө чакырган Керри, келишим 7 күн ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин террордук уюмдар ДЕАШ жана Аль Нусрага каршы күрөшүү темасында АКШ менен Орусиянын биргелешкен аскердик координация түзүү үчүн аракет кыла турганын сөз кылды.

Лавров болсо ок атпоо келишими 7 күн ишке ашырылгандан кийин АКШ менен ишке ашыруу борборун кура тургандарын билдирди.

Эки өлкөдөн тең аскердик жана саясий адистердин Сириядагы террористтер менен жөнөкөй оппозициячылдардын жерлерин аныктап, аларды бөлө тургандарын белгилеген Лавров: «Орусиянын аба күчтөрү жана АКШнын аба күчтөрү Сириядагы террористтерге каршы чогуу абадан операция жүргүзүү боюнча макулдаштык. Операция жүргүзүлө турчу жерлердин багыттары темасында да келиштик»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар