Лавров менен Керри сүйлөшүү өткөрдү

Лавров менен Керри телефон аркылуу байланышып Сирия маселесин сүйлөшүштү.

567281
Лавров менен Керри сүйлөшүү өткөрдү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри телефон аркылуу байланышып Сирия маселесин сүйлөшүштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Лавров менен Керри Сирияда терроризм менен күрөшүү, гуманитардык жардам жана саясий процесстерди сүйлөшүү үчүн 8-9-сентябрда Женевада жолугушуу чечимин чыгарышты.

Сүйлөшүүдө айрыкча АКШнын орус фирмаларына карай санкция киргизүү тизмесин кеңейтүү темасына да токтолгондору белгиленди.



Тектеш кабарлар