Ливияда кагылышуулар

АКШ тарабынан колдоого алынган улуттук биримдик өкмөтүнүн жактоочу күчтөрү өткөн май айынан бери Сирияны ДЕАШтын колунан куткарууга аракет кылууда

555970
Ливияда кагылышуулар

Ливиянын Сирте шаарын террордук уюм ДЕАШтан тазалоо үчүн кагылышуулар улантылууда. АКШ тарабынан колдоого алынган улуттук биримдик өкмөтүнүн жактоочу күчтөрү өткөн май айынан бери Сирияны ДЕАШтын колунан куткарууга аракет кылууда.

Июнь айында шаарга кирген күчтөр борбордо ДЕАШтын катуу каршы чыгышынын айынан акырындоого мажбур болгон. Буби тузактары, снайперлердин кол салуусу жана жан кечтилик кыймылдарынын айынан шаардын кээ бир маалаларын азырынча колого ала элек.

Өкмөт жактоочусу күчтөрдүн арасында да ишенимсиздик бар. Генерал Хафтерге караштуу бөлүктөр мысраталык күчтөрдү ДЕАШты курчоону каалабагандык менен күнөөлөп жатат. ДЕАШтык террористтердин көпчүлүгү да Нигер чек арасындагы чөлгө карай качышууда. Өкмөт жактоочусу күчтөр болсо качуу жолун жабуу үчүн аймакка абадан кол салышууда.

Өкмөттү жактаган күчтөр Дерне шаарынын кайра алынышынан кийин Сиртенин да ДЕАШтан тазалануусун, террордук уюмга оор сокку болорун, бирок террористтердин чөлдө кайрадан чогулуп, жаңы кол салууларга кириши мүмкүн экендигине көңүлдөрдү бурууда.



Тектеш кабарлар