Пан Ги Мун 130 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экендигин билдирди

Пан Ги Мун  маалыматында бүткүл дүйнөнү муктаж болгон киши жана коомдорго жардам берүү жана «эч кимди артта калтырбоого» чакырды

555636
Пан Ги Мун 130 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экендигин билдирди

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жалпы дүйнөдө 130 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экендигин билдирди.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүнөн улам жарыялаган билдирүүсүндө бул күндүн жашоо үчүн керектүү негизги муктаждыктарды камсыз кылган кишилердин тарткан кыйынчылыктары жана алардын гуманитардык жардам алып баруу үчүн өмүрүн тобокелге салган кишилерди эскерүү үчүн себеп болгондугун белгиледи.

Негизги муктаждыктарын камсыз кыла албаган жакыр кишилердин санын да билдирген Пан Ги Мун жалпы дүйнөдө 130 миллион кишинин жашап калуу үчүн гуманитардык жардамга муктаж экендигин белгилеп бул сандын калкынын саны жактан дүйнөнүн 10 чоң өлкөсүнө тең келерин айтты.

Бул жылы биринчи жолу Стамбулда 23 – 24 -  майда Дүйнөлүк адамзаттык саммитинин болгондугун да эске салган Пан Ги Мун бул жыйында дүйнө лидерлеринин кагылышуу, табигый апаат жана ушуга окшогон себептер менен кыйын абалда болгондорго жардам берүү жана алардын турмушун өзгөртүү боюнча берилген убадаларды эске салды. Пан Ги Мун  маалыматында бүткүл дүйнөнү муктаж болгон киши жана коомдорго жардам берүү жана «эч кимди артта калтырбоого» чакырды.

 



Тектеш кабарлар