Орусия менен Иран Сирия темасында үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт
Михаил Богданов Интерфакс агенттигине маалымат берди
![Орусия менен Иран Сирия темасында үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1450/e456/77ef/57b1e439c127e.jpg?time=1718969093)
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары жана Кремлдин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Михаил Богданов Түркия, Орусия жана Ирандын Сирия темасында үч тараптуу сүйлөшүү өткөрөөрүн айтты.
Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен жолугушкандан кийин орус Интерфакс агенттигине маалымат берген Богданов: «Орусия менен Иран, Түркия менен Сирия жана Жакынкы Чыгыш темаларында эки тараптуу активдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү чечти. Түрк өнөктөштөрүбүз менен өткөрүлө турган бул сүйлөшүүлөрдү министрлер деңгээлиндеги үч тараптуу сүйлөшүүлөргө айландырууга болот»,- деди.
Михаил Богданов алдыбыздагы күндөрдө Булуң өлкөлөрүнө бараарын белгилеп, бул жерде Сирия оппозициясынын айрым өкүлдөрү менен жолугуша турганын сөз кылды.
Тектеш кабарлар
![Жалпы дүйнөдө болгон токой өрттөрү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9f6/224e/aa8d/6675373b41619.jpg?time=1718969094)
Жалпы дүйнөдө болгон токой өрттөрү
Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Мексико штатында ысыктан улам башталган токой өрттөрү уланууда.