АКШда атылган имам үчүн жаназа расмиси уюштурулду

Жаназа намазынан кийин катышуучулар «Адилеттик каалайбыз» жана «Жек көрүү кылмыштары жок кылынсын» деген ураандарды чакырышты.

552781
АКШда атылган имам үчүн жаназа расмиси уюштурулду

Америка Кошмо Штаттарында өлтүрүлгөн бангладеш тектүү имам жана анын жолдошу үчүн Бруклинде жаназа расмиси уюштурулду. Анда сөз сүйлөгөн Нью-Йорк мэри Билл де Брасио кол салуу эмне үчүн болгонун билбегендиктерин, бирок аны изилдей тургандарын айтты.

Жаназа намазынан кийин катышуучулар «Адилеттик каалайбыз» жана «Жек көрүү кылмыштары жок кылынсын» деген ураандарды чакырышты.

Расмиге катышкан мусулмандар АКШнын чек араларынын ичинде эми коопсуз болбогондорун белгилеп коркунучтарын айтышты.

Бангладеш тектүү имам өлтүрүлгөндөн кийин чөнтөгүндөгү миң долларынын алынбаганы, кылмыштын уурулук үчүн кылынбаганын көрсөтүп турганын айтышууда.

Имам жана аны менен кошо чыккан жолдошу түшкү намаздан кийин тратуарда басып баратканда баштарына тапанча менен атылган.

 



Тектеш кабарлар