Өжаланды колдогон 5 киши БУУнун кеңсесинде камакка алынды

Бул 5 киши коопсуздук дубалынан ашып өтүп ичкериге кирди.

550364
Өжаланды колдогон 5 киши БУУнун кеңсесинде камакка алынды

Террордук уюм ПККнын корбашчысы Абдуллах Өжаланды колдогон 5 киши, БУУнун Женевадагы кеңсеси жайгашкан кампуска коопсуздук дубалынан ашып өтүп киргендиктен камакка алынды.

БУУнун катчыларынан Майкл Закхеонун билдирүүсүнө караганда, террор уюмунун 100 чакты жактоочусу БУУнун Женевадагы кеңсесинин алдында корбашчы Өжаланга карата ураандарды айтып митинг өткөрдү.

Митингге катышкандардын арасындагы 5 киши, БУУнун кампусун курчап турган коопсуздук дубалынан ашып өтүп ичкериге кирди.

БУУнун коопсуздук кызматкери тарабынан кармалып полицияга тапшырылган 5 киши камакка алынды.

Окуядан кийин Женева кеңсесинде коопсуздук күчөтүлдү.



Тектеш кабарлар