ФЕТӨ/ПЙД корбашчысынын АКШда январь айында аныкталган чыккынчы жүзү

Авраам Р. Вагнердин Гүлен тууралуу макаласы

550818
ФЕТӨ/ПЙД корбашчысынын АКШда январь айында аныкталган чыккынчы жүзү

Гүлен кыймылы АКШ жана Түркия үчүн коркунуч болууну улантып жатат. Эч ким өзүнүн бардык шектүү иштери дүйнө жүзүнө жайылган учурдагыдай Косбинин абалына түшкүсү келбейт. Гүлен кыймылынын лидери Фетуллах Гүлен жакынкы мезгилде Федералдык териштирүү кеңсеси (FBI) аныктаган ушуга окшогон учурду башынан өткөрдү. Туулган жери Түркия болгон мусулман дин аалымы Гүлен орто мектепти гана бүтүргөн сырдуу инсан болуп саналат. Викиликс тарабынан жарыяланган жазышууларга караганда, Американын Мамлекеттик катчылыгы Гүленди «радикал-исламчы» деп аныктаган жана анын жылуу билдирүүлөрүнүн астында жаман ниеттүү жана радикалдуу план бар экенин кошумчалаган. Ал эми мал-мүлкүнүн 25 миллиард доллар экени айтылса да, эч ким бул акчаны кайдан тапканын билбейт. Мамлекеттик катчылыктын көз карашына карабастан эң көп көңүлдөрдү бурган жагы кеңпейилдик жана көп маданияттуулук принциптеринин жактырылышы. Бирок дагы да терең изилдөө, анын чыныгы жана кара исламчыл экенин, АКШ менен Түркияны шариат менен башкарылган өлкөлөргө айландырууну каалаганын көрсөтүүдө. Гүлен АКШда ыктыярдуу сүргүн жашоосун улантып жатат жана ал жерден шек туудурган келишимдердин негизинде ачылган мектептер, бири-бири менен байланышкан пайда тубууну максаттабаган мекемелер жана ишканаларды камтыган кеңири тармакты башкарууда. Америка менен Түркиядагы соттордун ортого салганы боюнча Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ырааттуу шериктештеринин бири болгон, НАТОнун мүчөсү жана ДЕАШты жок кылып Ирак менен Сирияга тынчтык орнотуу үчүн аракет кылып жаткан Түркияда Фетуллах Гүлен демократиялык жолдор менен шайланган өкмөттү кулатуу үчүн план түзүүдө. Америкадагы эң кеңири келишимдердин негизинде ачылган мектептер желесине ээ болгон Гүлен, салык төлөөчүлөрдүн миллиондогон долларын алууда. Гүленге караштуу мектептердин кыянаттык менен пайдаланылган финансылык каражаттарына байланыштуу териштирүүлөр Техас, Луизиана, Иллинойс, Огайо жана берки штаттарда учурда уланып жатат жана ошондой эле бул териштирүүлөр FBI териштирүүсүнө кошумча түрдө жүргүзүлүүдө. Мамлекеттин жана жергиликтүү коопсуздук уюмдарынын отчетуна караганда Гүлен кыймылы өзүнө түздөн-түз байланышы болгон пайда табууну максаттабаган мекеме жана фирмалар менен шарттуу күрөш абалында, салык төлөөчүлөрү камсыздаган киреше менен амалкөйлүк кылууда. Гүлен мектептери, Фетуллах Гүлендин жерлеринде жогорку ижара акыларын төлөп жатат, Гүленге таандык ишканалардын курулушу жана жаңылоо иштери Гүлен компаниялары тарабынан жүргүзүлүүдө жана жаш түрк эркектеринин АКШга кирүүсүн жеңилдетүү үчүн жогорку каражаттар сарпталууда. Бардыгы шакирт болгон бул жаш адамдар, Америкага квалификациялуу жана жетиштүүлүк документтери бар америкалык мугалимдердин ордун ээлеш үчүн алып барылууда жана айтымдарга караганда америкалык балдарды Түркия багыттуу исламчыл кыймылга кошууга аракет кылууда. Бул исламчыл кыймыл бешинчи кол сыяктуу иш алып барат. Балдар аркылуу Америка коомчулугуна жайылып, Американы Түркияда кылгысы келгени сыяктуу шариат менен башкарылган мамлекетке айландырууга аракет кылууда. Бул кишилер 5 миңден ашуун талаштуу H-1B визасына (көчмөн болбогондорго берилген виза) ээ болгондуктан бул сан Гууглда ушул визага ээ болгон адамдардын санынан көп жана Гүлен кыймылы үчүн келишим аркылуу кулчулук кылгандары шек туудуруп, адам аткезчилигине каршы чара көрүү мыйзамынын алкагында териштирилүүдө. Фетуллах Гүлен АКШнын Пенсилвания штатынын борбордук аймак соту тарабынан Гүлендин жана кыймылынын Түркияда атаандаш саясий партия мүчөлөрүнө каршы адам укуктарын бузуп жаткандыгы себеп көрсөтүлүп коюлган доо менен алпурушуп жатат. Доого ылайык, Гүлендин бул жана башка күнөөлөөлөргө байланыштуу жоопко тартылышы үчүн өткөрүп берилиши талап кылынууда. Гүлен кыймылы Түркияда конституциялык тартипти өзгөртүү жана демократиялык жолдор менен шайланган өтмөттү бийликтен кулатуу үчүн өкмөттүн, медианын, иш дүйнөсүнүн, полиция күчтөрүнүн жана соттун арасына аралашуу максатында ар түрдүү иш-чараларды аткаргандыктан тынымсыз териштирилип жатат. Гүлен кыймылы тарабынан даярдалган түрк прокурорлор жана полициялар жогорку даражалуу аскерлерди жалган күнөөлөөлөр менен бутага алып, телефон сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз тыңшашты жана исламий сызыкта болбогон журналисттерди камакка алышты. Ушул эле АКШда болгону сыяктуу Гүлен кыймылы Түркияда өзүн билим берүү базисинин ичине жайгаштырууда. Мектептер аркылуу балдарды радикалдаштырып жана алардын Түркиянын заманбапташуу идеаларын четке кагышына түртүүдө. Так эле берки улуттарда медреселерди салганы сыяктуу. FBI, мамлекеттик жана жергиликтүү укук коргоочулар Гүлен кыймылынын мектептерин, америкалык салык төлөөчүлөрдү алдап кеткени жөнүндөгү айтымдарды изилдеп жаткандарына карабастан – өзгөчө FBI бул мектептерде америкалык балдарга билим берген түрк мугалимдерге байланыштуу максаттарын б.а америкалык балдардын Ислам доктринасына өтүп дин алмаштыруулары аныкталуусу керек, анткени көп сандаган квалификациялуу жана күбөлүктүү мугалим бар. Геополитикалык жактан каралса, кеңейтилген териштирүү Американын Мамлекеттик катчылыгынын Фетуллах Гүлен туурасында билгендерин ансыз деле ортого салат. Жылуу билдирүүлөрүнүн дагы да коркунучтуу жана радикалдык күн тартибин жашырган «радикал-исламчы» сыяктуу. Айрыкча Фетуллах Гүлен түрк өкмөтүнүн кулатылышын үгүттөп жана ийгиликтүү болгон учурда Түркияны Американын кызыкчылыктарына терс багытта кыймылдата турганын ортого сала турганчалык илгерилемек. Ачык айтканда АКШнын дүйнөнүн маанилүү аймагында чечүүчү ролдогу бир НАТО шериктештигинде Гүленист режимге муктаждык жок. Авраам Р. Вагнер Колумбиядагы укук коргоо окуу жайында жана Колумбия университетинин Эл аралык жана коомдук байланыштар бөлүмүндө улуттук коопсуздук мыйзам жана чалгындоону үйрөтүүдө. Вагнер Зольцман институту согуш жана тынчтык иштеринде тажрыйбалуу изилдөөчү болуп саналат.



Тектеш кабарлар