БУУ Болгарияны эскертти

Болгарияга мыйзамсыз жолдор менен кирген баш калкалоочуларга акчалай жаза берилишин сындады

550475
БУУ Болгарияны эскертти

БУУ Болгарияга мыйзамсыз жолдор менен кирген баш калкалоочуларга акчалай жаза берилишин сындап, бул абалдын эл аралык укукту бузгандыгы боюнча эскертти.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль Хүсейин бул өлкөгө эки жолку сапары тууралуу сереп салуусун жазуу түрүндөгү билдирүүсү менен бөлүштү.

Хүсейин : «Болгариядагы эң орчундуу адам укуктары маселелеринин башында, өлкөгө мыйзамсыз жолдордон кирген баш калкалоочулардын суракка алынышы, ал эмес жоопко тартылып камакка алынышы турат»,- деди.

Ал Болгариядагы айрым абактардын абалынын да өтө начар экенин билдирди.

Болгар медиасынын баш калкалоочуларга карата берүү саясатына каршылык көрсөткөн Хүсейин, айрым маанилүү жерлерде жооптуу кызматкерлердин жана адамдардын, Болгария-Түркия чек арасында кээ бир болгар куралчан топтордун баш калкалоочурга ок атышы «тынчсыздандыруучу» экенин белгиледи.

Хүсейин: «Европада Исламга каршы, чет өлкөлүктөргө каршы абалдын күчөшү адам укуктарына каршы эң орчундуу коркунуч болуп саналат жана Болгария өкмөтү бул коркунучтарга каршы керектүү чараларды көрбөй эле»,- деп айтты.  



Тектеш кабарлар