Португалия менен Франция өрт менен күрөшүүдө

Португалия башынан эң чоң өрт апаатын өткөрүүдө

549796
Португалия менен Франция өрт менен күрөшүүдө

Мадейра аралдарында чыккан жана көптөгөн күндөрдөн бери өчүрүлө албаган өрттө 4 киши каза болуп, миңден ашуун киши аймактан чыгарылды.

Өлкөнүн түндүк бөлүктөрүндө ондогон жерден чыккан өрт менен күрөшүү үчүн группалар үзгүлтүксүз иштеп жатышат. Жетекчилер ысык аба жана шамалдын өрткө кийлигишүү ишине тоскоол болуп жаткандыгын белгилешти. Аймактан чыккан тумандардын айынан аба жолунда аксоолорго жол ачты. Франциянын түштүгүндө бир топ шаарда чыккан өрттөрдө да экөөсү оор болгон алты киши жараланды.

Кечээ башталган өрттө эң аз 2 миң гектардык токой аянты да күл болду.

Өрт жайылган аймактагы Марсель Маригнане аэропортунун жүк ташуу жана келүү бөлүмдөрү жабылып, бул жерге барган учактар Лион жана Ницца аэропортторуна багытталды.

Марселди Лионго байланыштырган авто жол да жабылды. Аймакка барган ички иштер министри Бернард Казаневе өрткө кийлигишүү үчүн 1800 өрт өчүргүч жана 400 жандармериянын иштеп жаткандыгын билдирди.

Марсель жана тегерегинде чыккан өрттөрдүн Францияда 2000 – жылдан берки эң чоң өрт болгондугу белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар