Түркия НАТОго ишенсе болот
НАТО Түркиянын өкмөтүн колдойт
549228
Түндүк Атлантика Уюму (НАТО) Түркиянын мүчөлүгүнүн талаш-тартыштардын темасы болбогонун билдирди.
НАТОнун билдирүүсүндө Түркиянын туруктуу салымдарына ишенгендери белгиленип: «Түркия да НАТОнун тилектештик жана колдоосуна ишенсе болот»,- деп айтылды.
Билдирүүдө НАТОнун Түркиядагы төңкөрүш аракетине каршы мамилеси жана Түркиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу спекуляциялык маалыматтардын басма сөздө орун алганы белгиленип, уюмдун буга карата мамилеси баса белгиленди.