Трамптын президент болууга жөндөмдүүлүгү барбы?

Дональд Трампка партиянын ичиндеги оппозициядан сын пикирлер айтыла баштады.

549004
Трамптын президент болууга жөндөмдүүлүгү барбы?

Америка Кошмо Штаттарында Республикачыл партиянын президенттикке талапкери Дональд Трампка партиянын ичиндеги оппозициядан сын пикирлер айтыла баштады.

Паритиянын коопсуздук жана тышкы саясат тармагында алдыга чыккан 50 ысымы Трамптын шайланган учурунда Американын «эң акылсыз президенти» боло турганын түшүндүргөн кат жазды.

Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчилеринен Майкл Хейден, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Зеллик, мурдагы ички коопсуздук министрлери Том Риж менен Майкл Чертофф, АКШнын Анкарадагы мурдагы элчилери Эрик Эдельман жана Жеймс Жеффри да арасында орун алган 50 ысым биргелеше жазган каты АКШнын медиасында жарыяланды.

Катта партиянын алдыңкы ысымдары, Трамптын президенттик үчүн жетиштүү бири эместигине көңүл буруп 8-ноябрда боло турган шайлоолордо Трампка добуш бербей тургандарын билдирди.

Катта, «Урматтуу Трамп президент боло алышы үчүн керектүү мүнөз, баалуулуктар жана тажрыйбалардан тайкы. Эркин дүйнөнүн лидери болгон АКШнын ахлактык бийликтерин начарлатууда. Диний толеранттуулук, басма сөз эркиндиги жана  көз карандысыз сот да арасында орун алган АКШнын конституциясына, мыйзамдарына жана мекемелерине карай негизги маалыматтарга ээ эместиги көздөлүүдө»,-деген сөздөргө орун берилди.

Тышкы саясат преспективасы жагынан каралганда Дональд Трамптын президент жана башкы командир болуу жөндөмдүүлүктөрү жок экени белгилегенген катта, «Анын коркунучтуу президент боло турганына жана өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун жана тынчтыгын коркунучка түшүрө турганына тилекке каршы ишенүүдөбүз»,-делди.

Бир тараптан Дональд Трамп партиянын ичиндеги оппозицияга катуу жооп берди.

Трамп жазуу түрүндөгү жарыясында негизги катка кол койгондордун өздөрүнүн саясаттары менен дүйнөнү дагы кооптуу жана коркунучтуу абалга келтиргендерин белгиледи.

Трамп бул кишилерди, «Дагы эле бийликте калууга аракет кылган ийгиликсиз Вашингтон элиталары» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар