БУУ Халебге шашылыш жардам жетирүүнү дагы бир жолу кайталады

Стефен О’Бриан дагы бир жолу Сириянын Халеб шаарына шашылыш жардам жеткирүү үчүн чыр-чатакты токтотуп туруу керектигин айтты.

549178
БУУ Халебге шашылыш жардам жетирүүнү дагы бир жолу кайталады

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы Стефен О’Бриан дагы бир жолу Сириянын Халеб шаарына шашылыш жардам жеткирүү үчүн чыр-чатакты токтотуп туруу керектигин айтты.

БУУнун коопсуздук кеңешинде абалга байланыштуу соңку өзгөрүүлөр боюнча маалымат берген О’Бриан кийинчерээк гезиттерге берген маалыматында , Халебге жардам барышы үчүн жумасына 48 саат чыр-чатактардын токтоп турушу керектигин кайрадан билдирди.

О’Бриан Сириядагы коопсуздук абалынын дагы да алсырап жаткандыгын белгилеп, болжол менен 2 млн тургунга суу жана электр жарыгынын жетишсиз болуп , адамдардын өмүрү тобокелчиликтин астында турганыгын айтты.

Стефен О’Бриан: “Бириккен улуттар уюму Халебдин басымдуу бөлүгүндө азайган азык-түлүк жана дары корун толтуруусу жана муктаж болгон миллиондогон адамга жардам бериш үчүн аптасына 48 саат чыр-чатактын токтоп турушу камсыздалышы керек,” – деп айтты.

О’Бриан  БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө азык-түлүк, медициналык шаймандарды, тез жардам унааларын жана генератор сыяктуу гуманитардык жардамды таратууга даяр тургандыгын, Түркия тарабынан чек аранын тышына жибериле турган гуманитардык жардам менен катар  БУУ жана өнөктөштөрү гуманитардык жардамды таратуу үчүн ылайыктуу жолдорду колдонушун билдиргендиктерин да кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар