Түркиядагы демократия митинги чет элдик басма сөздө

Миллиондогон атуулдар катышкан Стамбулдун Йеникапы аянтындагы тарыхый “Демократия жана Шейиттер" митингинин чагылдырылышы.

547689
Түркиядагы демократия митинги чет элдик басма сөздө

Миллиондогон атуулдар катышкан Стамбулдун Йеникапы аянтындагы тарыхый “Демократия жана Шейиттер митинги” дүйнө медиасында байма-бай чагылдырылды.

Англиянын ВВС кызматы Йеникапыдагы тарыхый митингди аудиториясына “Түркияда төңкөрүшкө каршы эбегейсиз аракет” деген баш сөз менен жарыялады.

ВВС президент Режеп Таййип Эрдогандын “Парламент колдосо өлүм жазасы киргизилет” деген сөзүн да айтып чыкты.

Рейтер маалымат агенттиги болсо, “Жүз миңдеген түрк атуулу төңкөрүш аракетин кылгандарга наалат айтыш үчүн чогулууда” деп жазып чыкты.

Рейтер берген кабарында түрк атуулунун “Туубуз жыгылбашы үчүн, азандар токтотулбашы үчүн, өлкөбүз бөлүнбөшү үчүн биз бул жактабыз” деген сөздөрүн да кошо кыстарган.

ФЕТӨнүн 15-июлдагы төнкөрүш аракетинин артынан эле Түркияга каршы айрым маалыматтарга орун берген Италия басма сөзү да “Демократия жана шейиттер» митингине көңул бурбай койгон жок.

“Италия Corriere della Sera” гезити тарыхый митинг үчүн “эл топон суусу” аталышын колдонду.

Аталган гезит муну менен эле чектелбестен окуяны интернет сайты аркылуу “Демократия жана Шейиттер» митингин окурмандарына түз алып көргөздү.

“La Repubblika” гезити болсо, “Стамбулда Эрдоган менен биргелешкен элдин топон суусу” аталышы менен берди.

Италиянын ‘’Rainews24’’ каналы митингди тез-тезден түз алып көргөзүп берүү менен, миллиондогон кишинин өлкө башчысы Эрдоган үчүн аянттарга чогулушкандыгын баса белгиледи.

Франциянын “Le Figaro” гезити окуянын жүрүшүн интернет сайты аркылуу “Стамбулдагы укмуштуу митинг башталды” деп жар салып, окурмандарынын бүйүрүн кызытты.

Кабарда миллиондогон кишинин төңкөрүш аракетине каршы биригишкендиги баса белгиленген.

Франция 24 каналы да “Жүз миңдеген түрк атуулу Эрдоганды колдош үчүн Стамбулда” деген маалыматында өлкө башчысы Эрдогандын кайрылуусу  менен түрк элинин төңкөрүш аракетине каршы туруш үчүн биримдикке келишкендигин айткан.

Жаңылыкта митингге Эрдогандын тарапташтары гана эмес, оппозиция өкүлдөрүнүн да катышкандыгы баса белгиленген.

Канада медиасы да Йеникапы аянтындагы “Демократия жана Шейиттер митингин” түз алып берип турду.

Германия, Бельгия, Австралия медиасы, ошол эле убакта Швецариядан Балканга чейин, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан Ливанга чейин бир топ өлкөлөрдүн медиа тармактары митинге жакындан көз чаптырып турушту.



Тектеш кабарлар