Англиянын бир жактуу жазууларына каршылык көрсөтүү...

Англиядагы Түрк студенттери биримдиги алгач “The Guardian” гезититин, андан соң BBC корпорациясы, “The Economist” жана “Independent” гезиттеринин имаратынын алдында каршылык акциясын уюштурушту.

547436
Англиянын бир жактуу жазууларына каршылык көрсөтүү...
guardiyan'a darbe tepkisi.jpg

Англиянын медиасынын Фетуллахчы террор уюмунун параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ)15-июлдагы кандуу төңкөрүш аракетине байланыштуу бир тараптуу кабарларды жазганы үчүн борбору Лондондо каршылык акциясы өттү.

Англияда окуган түрк мекендештерди топтоп, Түрк студенттери биримдиги  алгач “The Guardian” гезититин, андан соң  BBC корпорациясы, “The Economist” жана “Independent”  гезиттеринин имаратынын алдында каршылык акциясын уюштурушту.

Британ медиа уюмдарынын алдына Түркия байрагын кармап чыккан студенттер “Жалгандарды айтканың үчүн канча алып жатасың BBC”, “Египет төңкөрүшүндөгү күнөөлөрүңөрдү билебиз”, “Кесибиңерди аныктагыла, империализмдин агентисиңерби же журналистпи? ” “BBC - Британ идеологиялык баш айландыруу мекемеси”, “Батыш төңкөрүштү колдогонду токтот”, “Адамдардын кабылдоосун, аң-сезимин өзгөртө алышыңар мүмкүн, бирок Түркиянын келечегин эч качан”, “Төнкөрүштүн кароолчусу - The Guardian” деген ураандар менен турушту.

Акциянын жүрүшүндө англис жана түрк тилинде төмөндөгүдөй билдирүү орун алды: “Батыш медиасы бул каргашадан улам күчөтүлгөн коопсуздук чараларын диктаторлук режимдин белгиси катары көрсөтүп жатышат. Батыш медиасы төңкөрүшчүлөрдү кармоо, жаңы төңкөрүш аракетинин алдын алуу үчүн жасалган кадамдарды, зулум, залим, цензуралык, антидемократиялык жана өзгөрүүлөргө чыдабаган өлкө катары көрсөтүү үчүн колдонду.”

Андан соң студенттер Түркиянын Лондондогу элчилик имаратынын алдында “Бирдиктүү мамлекет, бирдиктүү улут, бирдиктүү мекен” деген  ураандары менен чыгып, Стамбулда Йеникапы аянтында уюштурулуп жаткан “Демократия жана шейиттер” митингине колдоо көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар