Ак үйдүн алдында «Төңкөрүшкө каршы демократия» митинги

Митингге миңдеген киши катышты

547317
Ак үйдүн алдында «Төңкөрүшкө каршы демократия» митинги

АКШнын борбору Вашингтон жана айланасында жашаган түрк жарандары Ак үйдүн алдында ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүп, «Төңкөрүшкө каршы демократия» митингин өткөрдү.

АКШдагы орто эсеп менен 150 Түрк-Америка коомун бир чатырдын астына чогулткан митингге борбор шаар Вашингтон менен катар Виржиния, Мэриленд Нью-Жерси штаттарында жашаган түрк атуулдарынан турган болжол менен миң киши катышты.

Митингде Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Республикалык элдик партиясы жана Улуттук кыймыл партиясынын АКШдагы өкүлдөрү өз-өзүнчө сөз сүйлөсө, 15-июль түнү демократиясына, көз карандысыздыгына, парламентине жана президентине карай кандуу төңкөрүш аракетине элдин катуу каршылык көрсөткөнү баса белгиленди.  

Байланыш координатору Мустафа Тунжер америкалык түрктөр жана Түркиянын достору катары Америка башкаруучулугунан Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин тез арада Түркияга тапшырылышын өтүндү.

Бир тараптан Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч да митинг аянтына барып, атуулдарга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар