БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун балдарды кагылышуулардан коргоо үчүн чакыруу салды
Пан Ги Мун БУУнун качкындар саммитинин өткөрүлөрүн билдирип, бардык өкмөттөрдү, балдарды коргоо тууралуу пикир жана убадалар менен катышуусун суранды
Пан Ги Мун : «Балдар жана куралдуу кагылышуулар» деген темада даярдаган отчет тууралуу БУУнун Жалпы Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө : «Глобалдык коопсуздук көрүнүш өзгөрүп баратат, бирок бир чындык өзгөрбөйт : балдар эмдигиче согуштан эң көп таасир алып жатышат»,- деди.
Кагылышууларда балдардын түздөн түз бутага алынгандыгын, кыйноо көрүшкөндөрүн, жыныстык зордуктоого учурагандыгын, майып болгондугун, абакка киргендигин, ачка калгандыгын, жана өлтүрүлгөндүгүн баса белгилеген Пан Ги Мун : «Алардын үйлөрү, мектептери талкаланды. Ирак, Нигерия, Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йемен сыятуу жерлерде балдар «чыныгы тозоктун кыйынчылыгын» тартып жатышат»,- деди.
Пан Ги Мун айрыкча 19 - сентябрда АКШнын Нью – Йорк шаарында качкын жана көчмөн маселелери тууралуу чыныгы мааниде глобалдык талаш – тартыш мүмкүнчүлүгүн жарата турган БУУнун качкындар саммитинин өткөрүлөрүн билдирип, бардык өкмөттөрдү, балдарды коргоо тууралуу пикир жана убадалар менен катышуусун суранды.