Орусиянын Улуттук гвардиясы 2018-жылдан тарта Путинге баш ийет

Улуттук гвардия 340 миң кишиден турат

543188
Орусиянын Улуттук гвардиясы 2018-жылдан тарта Путинге баш ийет

Орусияда 340 миң адамдан турган Улуттук гвардия 2018-жылдан тарта түздөн-түз президент Владимир Путинге баш ийет.

Орусиянын Улуттук гвардиясынын жаңы башкы командири Виктор Золотов Интерфакс агенттигине берген маегинде, 340 миң кишилик гвардияны түзүү үчүн Ички иштер министрлиги, атайын күчтөр, аба күчтөрү жана башка бөлүктөрдөн алына турган күчтөрдү өткөрүп берүү иши ушул жылдын аягына чейин аяктай турганын айтты.

Золотов: «Экинчи баскычта б.а 2017-жылдын август айына чейин Улуттук гвардиянын түзүмү, кызматтары жана укуктук нормалары белгиленет. Үчүнчү баскычта б.а 2018-жылы Улуттук гвардия жалгыз бир план боюнча кыймыл кылган коомсуздук бөлүккө айланат,-деди.

Орусиянын президенти Путинге түздөн-түз баш ийе турган аскердик жана жарандык кызматкерлерден турган Улуттук гвардия апрель айынын башында түзүлө баштаган.

Путин мындан мурда гвардиянын кызматынын терроризм, террордук кылмыштар жана курал-жарактарды сатууга каршы күрөшүү экенин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар