Сомалиде жардыруу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо Кылмыш иликтөө башкармалыгынын имаратына бир убакта бомбалуу жана куралдуу кол салуу болду.

541913
Сомалиде жардыруу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо Кылмыш иликтөө башкармалыгынын имаратына бир убакта бомбалуу жана куралдуу кол салуу болуп, алгачкы белгилөөлөргө караганда 7си кол салгычтан турган 15 киши каза тапты.

Жанкечтилер колдонгон бомба жүктөлгөн унаа имараттын кире беришинде жардырылды.

Анын артынан куралчан кишилер жарылууну коштоп коопсуздук кызматкерлерине ок атышынан 8 киши каза таап, көп сандаган киши жаракат алганы белгиленди.

Кол салууну уюштурган 7 кишинин да коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөнү белгиленди. Окуянын жоопкерчилигин Эш-Шебаб террордук уюму моюнга алды.



Тектеш кабарлар