Меркелдин Түркия тууралуу ойлору

Меркель Федералдык басма сөз үйүндө уюштурулган жыйналышта Түркиядагы абалдарды абдан кылдат байкап жаткандарын билдирди.

539855
Меркелдин Түркия тууралуу ойлору

Германиянын канцлери Ангела Меркель төңкөрүш аракетине туш болгон бир өлкөнүн, төңкөрүшчүлөргө каршы укук мамлекетинин бардык элементтери менен аны тескеп чыгышынын туура жана маанилүү экенин айтты.

Меркель Федералдык басма сөз үйүндө уюштурулган жыйналышта Түркиядагы абалдарды абдан кылдат байкап жаткандарын билдирди.

Эрдоган менен жакында жолугушууңуз болобу?-деген суроого Меркель, эң кеч сентябрь айында Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолуга таргандарын белгилеп кетти.

Меркель: «Терроризм менен күрөшүү темасында Түркия маанилүү бир өлкө. Баш калкалоочулардын багылышы темасында Түркия үлгү ала тургандай нерселерди кылды. Түркияда 3 миллион баш калкалоочу бар. Ошондон сөз болууда»,-деди.

Европа Биримдигинин Түркияга материалдык колдоо көрсөтүшүнүн туура болоорун айткан Меркель, Түркия менен ЕБнин ортосунда баш калкалоочу темасында түзүлгөн келишимден улам мыйзамсыздыкка бөгөт коюлганын жана Түркиянын маанилүү өнөктөш экендигин белгилеп өттү.

Президент Эрдоган менен террор уюму ПКК менен күрөшүү темасын көп жолу карап чыккандыктарын айткан Меркель, «ПККга бизде тыюу салынганын жана террор уюму катары тизмеге киргенин айттым. Бардык делону байкап жатабыз»,-деп кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар