Элчи Билгич Лондондогу элчилик кеңсесинде чет элдик медиага маалымат берди

Түркиянын Лондондогу элчиси Абдуррахман Билгич төңкөрүш аракетинен соң Англиянын өкмөтүнүн көрсөткөн түшүнүктүүлүгүн, колдоосун басма сөздөн да күткөндүгүн билдирди.

539606
Элчи Билгич Лондондогу элчилик кеңсесинде чет элдик медиага маалымат берди

Түркиянын Лондондогу элчиси Абдуррахман Билгич  төңкөрүш аракетинен соң Англиянын өкмөтүнүн көрсөткөн түшүнүктүүлүгүн, колдоосун басма сөздөн да күткөндүгүн билдирди.

Билгич Фетхуллачы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети жана андан кийинки абалдар тууралуу элчилик резиденциясында түрк жана чет өлкөлүк медиа кызматкерлерине брифинг берди.

Төңкөрүш аракетин кылгандардын күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйгандыгын, Парламентке бомба таштап, полиция жана чалгындоо кызматынын башкы кеңселерин басып киргендигин жана президент Режеп Таййип Эрдоганды өлтүрүүнү көздөшкөндүгүн айткан Билгич:

“Түрк демократия тарыхында алгачкы жолу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына учак жана тик учарлар менен чабуул жасашты. Элдин эгемендүүлүгүнө кол салышты,” – деди.

Түрк армиясынын басымдуу бөлүгүнүн төңкөрүшкө башынан каршы чыккандыгын билдирген Билгич:

Түрк армиясынын басымдуу бөлүгүнүн төңкөрүш аракетине башынан бери аралашкан эместигин айткан Билгич аба куралдуу күчтөрү, түрк куралдуу күчтөрүндөгү бир топтун төңкөрүштү уюштургандыгын билдирди. Төңкөрүш аракетине эл бөгөт койгондугун айткан элчи Билгич, аталган каргашада 246 түрк атуулу каза таап, 2185 адам жаракат алгандыгын белгиледи.

«Досторубузду жана өнөктөштөрүбүзгө бул террор уюму жана анын лидери Фетхуллах Гүлен менен мамиле түзүүдө этият болушун эскерттик» - деген Билгич  төңкөрүштүн артынан ФЕТӨнүн айрым басма сөз каражаттары кара пиар кылгандыгын кошумчалады.

Түркия үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады деген Билгич: «Коопсуздугун сакташ үчүн башка өлкөлөр алдын-ала аракет кылып жатышат. Европа биримдиги жана Европа кеңешинин мүчөсү Франция 2015-жылдын 14-ноябрында өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Өткөн аптада анын мөөнөтүн алты айга узатты. Германия Мюнхенде болгон окуядан соң өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Англияда дагы кооптондурган жагдай болбогондугуна карабастан, 11-сентябрдагы кол салуудан соң өзгөчө кырдаал деп жарыяланган болчу»,-деди.

Өзгөчө кырдаалдын максаты ФЕТӨ менен күрөшүүдө алдын-алуу иш-чараларын дагы да күчөтүүнү жана кыска мөөнөттө туруктуу абалга келүү болуп саналат деген Билгич: «Ушундай абалда досторубуздун жана өнөктөштөрүбүздүн колдоосу чоң мааниге ээ.  Англиянын Европа биримдигинен жооптуу болгон тышкы ичтер министринин жардамчысы Сир Алан Дункан төңкөрүш аракетинен соң дароо Анкарага келип жолугушуу уюштурду. Бул сапар түрк демократиясынан кол салынган соң Европадан келген алгачкы, анан да жалгыз колдоо болгон. Ага терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул оор абалдарда Англиянын басма сөз каражаттары да түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенебиз жана күтөбүз»,- деген пикирин айтты.



Тектеш кабарлар