NBC News Түркиядан кечирим сурашы керек

Өлкө башчысы Эрдоган жөнүндөгү өтө маанилүү жана опурталдуу маалыматтын “кесипкөйлүктөн алыс, маалыматтын аныктыгы, булактын ишенимдүүлүгү такталбастан” жайылып кетиши бардыгы үчүн күтүлбөс болду.

538255
NBC News Түркиядан кечирим сурашы керек

Түркия Американын NBC News телеканалынын расмий түрдө кечирим сурашын талап кылды.

Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин NBC Newsка жөнөткөн катында; Фетхуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети болгон түнү президент Режеп Таййип Эрдоганды Германияга качып кетти деп жазган кабары үчүн расмий негизде кечирим суроосу талап кылынаары жазылган.

NBCнин кандуу төңкөрүш аракети болгон түнү “журналисттик этикага жат мамиле” кылгандыгы да белгиленген катта: “NBC News Түркиядагы төңкөрүш аракети боюнча  таптакыр кабыл алууга мүмкүн болбогон журналистиканы  көргөздү. Биз бул катасын оңдошун каалайбыз. Урматтуу Гриффтин 15-июлдагы төңкөрүштө жазганына караганда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Германиядан баш паанек сураган имиш. Бул кабар караандай калп, ишендире турган кымындай далили жок болчу” – деп айтылган.

Американын аскерий булактарына таянуу менен айтылган жалган маалыматтар башка медиаларда колдонулуп, жайылып кеткендигин баса белгилеген катта: “Түрк элине аяр мамиле кылынчу убакта мындай караандай калптын жазылышы, жоопкерчиликсиздиктин жеткен чеги, калганы ансыз да таштанды сымал маалымат болчу,” – деп талдады.

Катта өлкө башчысы Эрдоган жөнүндөгү өтө маанилүү жана опурталдуу маалыматтын “кесипкөйлүктөн алыс, маалыматтын аныктыгы, булактын ишенимдүүлүгү такталбастан” жайылып кетиши бардыгы үчүн күтүлбөс болду.

NBC айткан сөзүн кайра алса да, кетирген каталарын түзөтпөстөн, кечирим сурабагандыгын белгилеген текстте: “NBC жана журналист Гриффтин  акылга сыйбаган жоругу үчүн расмий түрдө кечирим сурашын талап кылабыз,” – деп айтылды.

Фетхуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) кылган төңкөрүш күнү өлкө башчысы Эрдогандын Германиядан баш калкалоочу жай талап кылгандыгы, ал гана эмес, бул мамлекетти көздөй сапар тарткандыгы тууралуу айтылган акылга сыйбаган маалыматтарды Американын аскерий булактарынан алгандыгын NBC News каналы белгилеген эле.

Ошондой эле аталган журналист твиттердеги  баракчасында төңкөрүшчүлөрдүн бийликти эми колго алгандыгын досторуна кыйытып айткан.

Жалган маалыматтар менен күрөшкөн “Newsbud” аттуу уюм да NBCни 25-июлга чейин тараткан маалыматы үчүн кечирим сурашын жана маалымат булагы деп көрсөткөн аскер кызматкерин ачыкка чыгарышын каалады.

 “Newsbud” АКШдагы Түрк коомунун да колдоосу менен 28-июлда бейшемби күнү NBC каналынын алдына чогулууну пландап жатат.



Тектеш кабарлар