Эрдоган менен Путин жолугушат

Эки лидер Санкт-Петербургда жолугушат

537740
Эрдоган менен Путин жолугушат

Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин 9-августта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жолугушат.

Түркия-Орусия мамилелеринде жаңы мезгил башталгандан кийин өткөрүлө турган бул алгачкы жолугушууга байланыштуу экономика министри Нихат Зейбекчи менен бирге Орусиянын борбору Москвада жолугушууларды өткөрүп жаткан вице-премьер Мехмет Шимшек маалымдады.

Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович менен жолугушкан Мехмет Шимшек, эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу маалымат берди.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путиндин 9-августта Санкт-Петербург шаарында жолугуша тургандарын билдирген Шимшек: «Мамилелерди өнүктүрүүнү жана 24-ноябрдан мурдагы абалдан дагы да жогорку деңгээлге жеткирүүнү каалап жатабыз»,-деди.

Орус учагынын атып түшүрүлүшү менен чыңалган мамилелер, президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосундагы сүйлөшүү жана андан соң эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Кара деңиз экономикалык кызматташтык жыйынынан улам Орусиянын Сочи шаарында жолугушуусунун негизинде нормалдашуу процеесине кирген болчу.



Тектеш кабарлар